Нуржигит Кадырбеков бул китепте турмуштук окуяларды жеңил тил менен, бирок жүрөккө жеткен терең маани менен баяндаган. Ар бир повесть менен аңгеме күтүүсүз бурулуштарга бай, акырында адилеттүү жана таасирдүү аяктайт.
Бул – автор менен болгон менин биринчи тааныштыгым, бирок акыркысы эместиги анык. Эми «Япон кереметинин сыры» чыгармасын окууну чечтим. Акыркы убакта кыргыз тилиндеги чыгармаларга, өзгөчө чоң авторлорго кызыгып жатам. Өз адабиятыбызды көбүрөөк окуп, жакындан таанып билгим келет.